Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн балдарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык иш-чарага катышты. Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан балдар келди.
«Ата-бабаларыбыз бизге көп улуттуу ынтымак элибизди, ажайып кооз, татынакай жерибизди мураска калтырып кетти. Биз өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Убакыт абдан тез өтөт. Аз эле мезгилден кийин өлкөбүздүн жүгүн силер көтөрөсүңөр, мекенибиздин тагдыры силердин колуңарда болот. Ошол бийик максаттарга даяр болгула. Силерге биз абдан чоң үмүт артабыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана балдарга бекем ден соолук, чексиз бакыт, окууларына ийгиликтерди каалады.
Балдарга кайрылып жатып, Мамлекет башчысы билимдүү адамдар гана өзүнүн өлкөсүн өнүктүрүп, алдыңкылардын катарына чыгара аларын баса белгиледи.
«Мамлекеттин өнүгүүсү жаңы технологиялар менен тыгыз байланышкан. Ошол үчүн бардык мектептерди интернет, компьютердик класстар жана мультимедиялык техникалар менен камсыз кылууга көп аракеттер көрүлүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент эл аралык конкурстарда, олимпиадаларда, мелдештерде ийгиликтерди жаратып, балдар ата-энелерди, мугалимдерди, жалпы элди кубантып, өлкөнүн атын эл аралык аренада чыгарып жатышканын белгиледи.
«Силерди карап, өлкөбүздүн келечеги кең экенин ишеним менен айта алабыз. Жаңы жыл силерге кубаныч, жакшы досторду тартууласын. Колуңардан иштердин баары келип турсун, ата-энеңерди, мугалимдерди, жакындарыңарды кубантып жүрө бергиле. Биз өз кезегибизде силерге бактылуу балалык жана ийгиликтүү келечек камсыздаш үчүн бардык аракеттерди көрөбүз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Өз кезегинде балдар Мамлекет башчысына роботту тартуулашты.
Балдарга жаңы жылдык концерттик, театралдаштырылган программа көрсөтүлдү.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы жылдык балатысына бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала келди.
Алардын ичинде окуунун отличниктери, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13