KELECHEK
rek

Өзбекстанда каржы пирамидасына 1710 адам 40,5 миллион доллар алдаткан

Өзбекстанда каржы пирамидасына 1710 адам 40,5 миллион доллар алдаткан

Өзбекстанда «Ахмадбайдын ишинин» алкагында 1710 адам жабырлануучу деп табылып, алар жалпысынан 386 миллиард сум (40,5 миллион доллар) алдатышкан. Бул тууралуу Мажбурлап аткартуу бюросунун Ташкент облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Бекзод Менглиев билдирди.

Анын айтымында, эл арасында «Ахмадбай» деген ысым менен таанымал Ахмад Турсунбоевге таандык 29 кыймылсыз мүлк жана сегиз автоунаа мамлекетке өткөн. Учурда аларды аукцион аркылуу сатууга даярдыктар көрүлүүдө. Азырынча мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражат жабырлануучуларга берилер-берилбеси белгисиз.

Мындан тышкары бул кылмыш ишинин алкагында Турсунбоевдин ири өлчөмдөгү каражаты да алынганы кабарланган. Учурда акчаны жабырлануучуларга бөлүп бере турган атайын электрондук программа түзүлүүдө.

Өзбекстанда эң ири каржы пирамидасын түзгөн ташкенттик ишкер Ахмад Турсунбаев 2016-жылы камакка алынган. Ага «акча талап кылуу, алдамчылык, алдоо жана ишенимге кирүү аркылуу бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, мыйзамсыз валюта топтоо, чет өлкөлүк акчаны катуу» өңдүү айыптар тагылып, былтыр жыл башында 13 жылга эркинен ажыратылган, бирок көп өтпөй мунапыс менен жазасынын төрттөн бири кыскарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...