KELECHEK
rek

ЕАЭБге мүчө үч өлкө Орусиядагы жаңы мыйзамды сындады

ЕАЭБге мүчө үч өлкө Орусиядагы жаңы мыйзамды сындады

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө үч өлкө Орусиянын базарында сатылып жаткан смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго кошумча орусиялык программаларды орнотууга милдеттендирген мыйзамга каршы чыкты.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын алдындагы ички базарлардын иштеши боюнча департаменттин токтомуна таянып «Ведомости» гезити жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын өкүлдөрү Орусиядагы жаңы мыйзам биримдиктин ички базарынын ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп эсептешет. Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бул пикири боюнча анализ жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Орусияда кошумча программалык камсыздоолорду орнотуу тууралуу мыйзамды Мамлекеттик Дума быйыл ноябрда кабыл алып, президент Владимир Путин декабрда кол койгон. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-июлунан тарта смартфондорго, компьютерлерге жана акылдуу телевизорлорго милдеттүү турдө кошумча орусиялык программалар орнотулушу керек. Алардын тизмесин өкмөт аныктайт.

The Bell басылмасынын белгилешинче, бейрасмий түрдө бул мыйзам «Apple’ге каршы мыйзам» деп аталып келет. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген орус аткаминеринин айтымында, бул чектөөлөр дал ушул америкалык корпорацияга жана анын продукцияларына багытталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...