KELECHEK
rek

Орусияда поездди кыйратууга айыпталган тажикстандык 22 жылга соттолду

Орусияда поездди кыйратууга айыпталган тажикстандык 22 жылга соттолду

Орусияда Экинчи Батыш аймактык аскер соту 2017-жылы “Сапсан” поездин кыйратууга аракет жасоого айыпталган Эмом Бурхоновду 22 жылга катаал режимдеги түрмөгө кести.

2019-жылы жайында Москва аймактык аскер соту Тажикстандын жети жаранын ушул эле иш боюнча 15 жылдан 21 жылга чейин эркинен ажыраткан. Тергөөнүн версиясы боюнча алар “Ислам мамлекети” террордук тобунун жактоочулары болгон. Бурхонов тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түзгөндүктөн, анын иши өзүнчө каралган. Бирок кийинчерээк ал көрсөтмөлөрүнүн бир бөлүнүнөн баш тартып, кысым алдында шектүү жети кишинин бешөөнө жалган жалаа жапканын билдирген.

Мурда терактка айыпталган жети кишинин бешөө күнөөсүз экенин билдирген, бирөө айыптоолорду жарым-жартылай, дагы бирөө толугу менен мойнуна алган. Сотто Бурхонов ФСБ кызматкерлери аны кармоо учурунда жанына жардыруучу зат ыргытып коюшканын айткан.

2017-жылы 13-июлда Москва – Санкт-Петербург багыты боюнча каттаган ылдам жүрүүчү "Сапсан" поезди темир жолго коюлган металл конструкцияны сүзгөн. Поезд рельстен чыккан эмес, бирок беш вагон зыянга учураган.

Тергөөчүлөр кылмышкерлер поездди жолдон чыгарууну гана эмес, жардырууну көздөшкөн деп эсептешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53