Тажикстанда милиция бөлүмүндө сурак берген студент өз жанын кыйды
Тажикстанда Куляб мамлекеттик университетинин студенти Жонибек Хужамуродов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аймактык бөлүмүндө сурак берип чыккандан кийин асынып өлдү. Окуя 19-декабрга караган түнү болгон.
Маркумдун туугандарынын айтымында, тергөөчүлөр 25 жаштагы Жонибек Хужамуродовду зордуктоого айыптап, күнөөнү мойнуна алууга мажбурлап, коркутушкан. Ал айыптоолорду четке каккан.
Жонибектин агасы Талбак Майхонов милиционерлер аны “үч жыл түрмөгө отургузабыз” деп коркутканын, иниси эч кимди зордуктабаганын билдирди.
Жонибек Хужамуродовдун өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды
Укук коргоочулар акыркы жылдары тергөө учурунда жарандарды кысымга алуу, кордоо, кыйноо учурлары көп болуп жатканы тууралуу арыз-даттануулар көбөйүп жатканына тынчсызданышууда.
Быйыл жазында Тажикстан ИИМи милицияны реформалоонун алкагында бардык сурак бөлмөлөрүндө видеокөзөмөл камералары орнотуларын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05