KELECHEK
rek

Айтматованын күйөөсү тууралуу басма сөз жыйыны аягына чыкпай калды

Айтматованын күйөөсү тууралуу басма сөз жыйыны аягына чыкпай калды

«Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевден жабыркадым деген кытай жараны жана анын жактоочусу уюштурган басма сөз жыйыны аягына чыкпай калды.

Адвокат Аскар кызы Жанара Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экенин журналисттерден угуп, Айтматова менен жеке тааныштыгы бардыгын айтып, жыйын аягына чыга электе кетип калды.

20-декабрда Бишкекте өткөн жыйында Кытайдын жараны экенин айтып, өзүн Мотайлифу Маймайтяминг деп тааныштырган адам ушул жылдын март айында Кыргызстанга келип, досу аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканын билдирди.

«Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болуп, андан түшкөн каражаттын 85% өзү, ал эми 15% Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди.

- Ноябрда тендер бүттү. Биз тендерди бүтүрүп берсек, Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бизге акы катары 600 миң доллар берет деген келишимибиз бар болчу. Сыргак Кенжебаев алдамчылык кыла баштады. 350 миң доллар алып, паспортумду декабрь айында берди. Мага акчамды бербей жатат, - деди Маймайтяминг.

Мотайлифу Маймайтямингдин адвокаты Аскар кызы Жанара кытай жараны декабрдын башында анын паспортун жана акчасын Сыргак Кенжебаев бербей жатканын айтып кайрылганын билдирди. Буга байланыштуу алар УКМКга арыз жазышканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сыргак Кенжебаев аттуу жаран «ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн» кармалганын расмий билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кенжебаев 20-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Атайын кызмат билдиргендей, кытай жараны Сыргак Кенжебаевге 350 миң доллар акчасын алдатып койгонун айтып, арыз жазган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13