KELECHEK
rek

Ташкентте метро линиясын куруу учурунда ири өлчөмдө топурак урап түштү

Ташкентте метро линиясын куруу учурунда ири өлчөмдө топурак урап түштү

18-декабрда Ташкентте нөшөрлөгөн жаандын айынан Юнусабад метро линиясындагы курулуш аянтчасында 250 метр куб топурак урап түштү.

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ташкент акимчилиги жана окуя болгон жерде иш жүргүзүп жаткан курулуш компаниясы өтмөктү тазалоону баштады. Келтирилген чыгым аныкталууда.

Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар жок экенин билдирди. Бирок аварияга күбө болгон 44 жаштагы киши катуу стерсс алган. Учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Ошол эле маалда айрым жергиликтүү басылмалар урандынын алдында 5-6 киши калган болушу ыктымал экенин жазышууда. Gazeta.uz басылмасы өз булактарына таянуу менен издөө-куткаруу жумуштары учурунда эки кишинин сөөгү табылганын билдирди. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Ташкент шаарынын Юнусабад районунда өтмөк салынып, аны суудан сактоо үчүн бетон ноо төшөлүп жаткан. Нөшөрлөгөн жамырдан кийин дал ошол ноодон суу ашып, туннелди каптап калган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...