KELECHEK
rek

Сот Казакстандын мурдагы өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты

Сот Казакстандын мурдагы өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты

16-декабрда Караганды облустук соту Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахмедовдун доо арызын карады. Ал облустук соттон өзүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотууну сураган. Бирок судья биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырып, Ахмедовдун өтүнүчүн артка кайтарды.

Ахмедовдун адвокаты Николай Лесниктин айтымында, мурдагы өкмөт башчы жазасынын жарымынан көбүн өтөп бүттү. Анын ичинде 1 жыл 9 ай түрмөдө отурду. Ахмедовдун жазасы 2021-жылдын 17-октябрында аяктайт.

– Ал беш жылдан ашык убакыттан бери жазасын өтөөдө. Келтирилген чыгымды толугу менен кайтарды, жумуш иштейт. Райондук сотто жакшы чечим чыккан жок. Ал мыйзамсыз жана негизсиз. Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну сурайбыз, –деди Николай Лесник.

Ахметов коррупция боюнча айыпталып, 2015-жылдын декабрында 10 жылга абакка кесилген. Ал башында өзүнө коюлган айыпты четке каккан эле.

Бирок 2016-жылы күнөөсүн моюнуна алып, кечирим берүүнү сурагандан кийин жаза мөөнөтү эки жылга кыскартылган.

Ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев жарыялаган мунапыска ылайык, Ахметовдун жаза мөөнөтү 2018-жылы январда да бир жыл жети айга кыскартылган. Ал эми 6-сентябрда Казакстандын Караганды облусундагы сот мурдагы премьердин абак мөөнөтүнүн калганы шарттуу кесүү - “эркиндигин чектөө” менен алмаштырылат деген чечим чыгарган.

Серик Ахметов 2012-2014-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53