Келерки жылы ЕБ өлкөлөрү 30 миңден ашуун качкын кабыл алат
Евробиримдик өлкөлөрү 2020-жылы 30 миңден ашуун качкын кабыл алат. Еврокомиссиянын билдирүүсүнө караганда, көчүү программасынын алкагында биринчи кезекте дүйнөдө кризиске туш болгон өлкөлөргө көңүл бурулат.
БУУнун Жогорку комиссарынын качкындар иши боюнча башкармалыгы билдиргендей, программанын алкагында Түркия, Ливан, Иордания, Жер Ортолук деңиз аймагы, Нигер, Руанда мигранттары артыкчылык алат.
Еврокомиссиянын маалыматына караганда, 2015-жылдагы программанын негизинде, Евробиримдик өлкөлөрүнө 65 миңден ашуун бозгун келген. Каржылык колдоо иретинде качкын кабыл алган өлкө ар бир мигрант үчүн ЕБ бюджетинен 10 миң евро алат.
Акыркы жылдары Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европаны көздөй миңдеген кишилер качып барган. Алардын көбү Жер Ортолук деңизди сүзүп өтүү учурунда мерт болгон. 2019-жылы кечмөлүктен өтүп баратып 400 киши, анын ичинде балдар өлгөн.
Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр качкындарды кабыл алуудан баш тартып келет. Мигранттардын агымынан эң эле көп Германия жабыр тартты. Бирок көчүрүү программасынын алкагында бул өлкө дагы беш миңге жакын качкын кабыл алууга ниеттенүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52