KELECHEK
rek

Украинада депутаттык кол тийбестик жоюлду

Украинада депутаттык кол тийбестик жоюлду

Украина Жогорку Радасы экинчи окууда депутаттык кол тийбестикти жоюу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоору үчүн 291 депутат “макул” деген добушун берди. Документ 2020-жылы 1-январда күчүнө кирет.

Бул президент Владимир Зеленский менен анын “Эл кызматчысы” партиясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Президент мыйзам коррупцияга малынган депутаттарга кылмыш ишин козгоону жеңилдетерин айткан.

Мыйзамды “Европа тилектештиши”, "Батькивщына" жана "Добуш" фракцияларынан бир дагы депутат колдогон жок.

Мыйзамга ылайык, Украина Конституциясындагы “парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт” деген эреже алынып салынат.

Мындан ары коррупцияга шектелген депутаттарга каршы тергөө амалдарын баштоого жана камоого башкы прокурор уруксат берет.

Бул арада “Европа тилектештиги” партиясынын депутаты Алексей Гончаренко башкы прокурорго мындай ири ыйгарым укук берүү саясий жана коррупциялык тобокелчиликтерди жаратарын белгилөөдө.

Былтыр ”Transparency International” уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде - Украина 180 өлкөнүн ичинен 120-орунга жайгаштырылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52