KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусу боюнча 7,5 миң жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилди

Жалал-Абад облусу боюнча 7,5 миң жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилди

Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилденген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борборунун 2019-жылдын 31-октябрындагы тапшырмасынын негизинде үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрынан 22-ноябрына чейин акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасын өткөрдү. Бул туралуу башкармалыктын башкы адиси Акбар Эрматов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, жогорудагы декаданы өткөрүүнү камсыз кылуу максатында башкармалык тарабынан бекитилген иш-чаранын негизинде, 2019-жылдын 18-ноябрынан 23-ноябрына чейин башкармалыктын кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлору жана МКЮЖ боюнча координатору Эрмек Камашов менен  биргеликте Жалал-Абад облусу боюнча 1048 жаранга ар кандай багыттагы акысыз юридикалык кеңештер берилди. Ошону менен бирге Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес жана билим берүү Академиясынын, ЖАМУнун, К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жана №5,14-лицейлеринин окуучуларына укук боюнча лекциялар окулган.

“Жүргүзүлүп жаткан декаданын алкагында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында эки күн катары менен айыл өкмөттөрдүн башчыларына, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, айыл башчыларына Кыргыз Республикасынын иш аракеттегт мыйзамдары боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ал эми Таш-Көмүр шаарынын мамлекеттик нотариусу Г.И. Юлдашева, Чаткал районунун мамллекеттик нотариусу А.К Шадыканов, Аксы районунун мамлекеттик нотариусу Г.Б.Жороева, Кара-Көл шаарынын мамлекеттик нотариусу М.Каюмов, Кочкор-Ата шаарынын мамлекеттик нотариусу А.О Курманбаев, Ноокен районунун мамлекеттик нотариусу И.Э.Мамшевалар тарабынан мектеп окуучуларына укук боюнча лекциялар окулду”, - дейт А.Эрматов.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында ачылган акысыз юридикалык кеңеш берүү борборуна 2019-жылдын 9 айында акысыз кеңеш алуу үчүн 208 жаран кайрылган. Бул боюнча облустук юстиция башкармалыгынын адиси Назигул Куканова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, учурда Жалал-Абад облусу боюнча 4  акысыз кенеш берүү боборлору иштеп консультант адистер жана район шаарлардагы мамлекеттик нотариустар, адвокаттар кайрылган жарандарга укуктук жактан кеп-кенештерин берип келе жатышат. Негизинен жарандар социалдык маселелер, мурастоо, мүлктү жана мүлк укугун берүү менен байланышкан маселелер, пенсия, жөлөкпул алуу, жер участогун берүү жана жер участогуна документтерди тариздөө менен байланышкан маселелер, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу боюнча, мурас менен  байланышкан маселелер боюнча көп кайрылышат.

- Ошондой эле, жарандар алименттер менен байланышкан, туулгандыгы тууралуу жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктү тариздөө боюнча, мүлктү жана мүлк укугун берүү, үй-бүлөлүк маселелер, эмгек укугунун башка маселлери, камкорчулук, көзөмөлчүлүк менен турак-жай, документтөөнүн башка маселелери сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Облус боюнча 11 айда 7515 адам акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлоруна кайрылышкан. Кайрылган жарандарга көйгөй жараткан маселелери боюнча жол жоболор көрсөтүлүп жардамдар берилет, - дейт Н. Куканова.

Акысыз кеңеш берүү борбору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМнин “Кыргыз  Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилетүүлүгүнө жетүү” долбоорунун, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жана USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен түзүлгөн.

Аталган борборлор жарандарга акысыз негизде консультациялык укуктук жардам көрсөтүү үчүн "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КР мыйзамын ишке ашыруу максатын көздөйт. Азыркы учурда бүткүл республика боюнча Юстиция миистрлигине караштуу 24 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору иш жүргүзүшөт.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекет кепилдеген юридикалык  жардамды координациялоо борбору Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун ишин координациялайт жана юридикалык жардамга муктаж адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, калкты укуктук жактан агартууга, жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин өнүктүрүүгө жардам берет.

Акысыз консультациялык жардам көрсөтүү борборлорунда укуктук кеңешти кимдер ала алат?

Акысыз консультациялык-укуктук жардам алууга төмөнкү жарандар укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- Чет өлкөлүк жарандар;

- Жарандыгы жок адамдар;

- Качкындар.

консультанттары  жарандардын укуктарын жана милдеттерин, соттук жана соттон тышкары тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө болот.

Мектеп партасынан укуктук билимди баштоо керек!

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясын” ишке ашыруу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барышы керек.

Мурда мектептерде 9-класстан эле “Адам жана коом” деген сабак өтсө, эми бала бакчадан баштап, мектепке кирип, бүткөнгө чейин “Укуктук тарбия” деген сабак киргизилип жатат. Бала кичине кезинен баштап эле укуктук маданиятты окуп үйрөнүшсө, 10-20 жылдан кийин коом башка болуп өзгөрөт. Бул багытта тарбиячылар жана мугалимдер атайын окуудан өткөрүп, аталган программа 2017-2018-окуу жылдарында ишке ашат”, - деп КР Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы А.Чотонов мындан эки жыл мурун айткан эле.

Макаланын соңунда, элибиз өз укутарын коргоону үйрөнүп, тепселенген укуктар жок болуп, коомубузда мыйзам үстөмдүгү орун алсын деген тилекти билдирип кетмекчибиз.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53