Казакстанда митингге катышкан блогер 10 суткага камалды
Полиция Алматыдагы митинг катышуучуларын кармап жатат. 16-декабрь 2019-жыл
Казакстанда блогер Азамат Байкенов 16-декабрда «мыйзамсыз митинг өткөргөн» деген айып менен 10 суткага камакка алынды. Тиешелүү чечимди Петропавловск шаардык соту кабыл алды.
Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындаган билдирүүлөрү менен таанымал блогер өзү бул айыптоолорду четке кагууда.
Күн мурун күч түзүм кызматкерлери Байкеновдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, жубайына кол салуу болгону кабарланган. «Азаттыктын» казак кызматы менен телефон аркылуу байланышкан Мадина Байкенова анын колунан телефонун тартып алышканын билдирген. Анын айтымында, учурда ал жакындарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып, үйдөн чыкпай отурат.
Ал ортодо блогерге каршы кылмыш иши козголгону кабарланууда. Соттун басма сөз кызматынан учурда бул маалымат текшерилип жатканын билдиришти.
Казакстанда 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн жана 1986-жылдагы декабрь окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасынан кийин полиция ондогон активисттерди кармаган. Алардын айрымдарын акция башталганга чейин эле үйлөрүнөн алып кетишкен.
16-декабрдагы нааразылык иш-чаралары Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53