KELECHEK
rek

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан алты киши жараат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан алты киши жараат алды

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин ок жеген кызматкерине Баткен облустук ооруканасында операция жасалып жатат.

Андан тышкары Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Ошондой эле дагы төрт адам ар кандай жараат алды. Анын ичинен үчөө Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, бирөө жөнөкөй жаран. Чек ара кызматы аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери менен күч органдарынын сүйлөшүүсү жанданды. Буга чейин ок атууларга байланыштуу сүйлөшүү убактылуу токтотулган.

Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусуна жөнөп кетти.

Кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда 9:30 чамасында чырдашып, таш менен бири-бирин урушкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алган.

Тажикстандын бийлиги болсо кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун айылдын имамы менен окуучуну урганы үчүн чыр чыкканын айтууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты.

Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Мындан кийин кайым айтышуу башталып, таш ыргытууга өтүшкөн.

Ушул эле айылда 16-декабрда да Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо баштаган. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп, тараптар чатакташа кеткен.

Быйыл 16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Чырда кыргыз тараптан чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...