KELECHEK
rek

Путин “чет өлкөлүк агент” макамындагы ММКларга айып пул салуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Путин “чет өлкөлүк агент” макамындагы ММКларга айып пул салуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Орусия президенти Владимир Путин “чет өлкөлүк агент” катары катталган ММКлар жана жеке жактар ишмердүүлүк жүргүзүү эрежесин бузган учурда ири айып салуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Муну менен Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизилди.

Мыйзамга ылайык, басылманын сайтында, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында же өзүнчө чыккан материалдарында “чет өлкөлүк агент” деген жазуу болбосо, Юстиция министрлигине убагында отчет берилбесе айып пул салынышы мүмкүн.

Бул эрежелерди бузган жарандар (физикалык жактар) үчүн айып пул 10 миң рубль; жетекчи кызматтагы адамдар үчүн 50 миң рубль; юридикалык жактар үчүн 500 миң рублди түзөт.

Эгер эреже бузуу кайталанса, жарандар 50 миң, кызмат адамдары 100 миң, юридикалык жактар 1 миллион рублга чейин айып пул төлөп калат.

“Чет өлкөлүк агент” иши өтө одоно бузулган учурда, башкача айтканда эрежелер бир жыл ичинде экиден көп жолу бузулса, физикалык жактар 100 миң рубль айып пулга жыгылып же 15 суткага чейин камалышы ыктымал. Кызмат адамдары 200 миң рублга чейин, юридикалык жактар 5 миллион рублга чейин айып пул төлөөгө мажбур болушат.

Орусия айрым ММКларды “чет өлкөлүк агенттерге” теңеген мыйзамды 2017-жылы кабыл алган. Москва “Свобода” радиосун жана анын аймактын бөлүмдөрүн, “Америка Үнүн” жана "Настоящее Время" телеканалын чет өлкөлүк агент катары тааныган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...