KELECHEK
rek

Нур-Султан жана Алматы шаарларында реформаларды талап кылган митингдер өттү

Нур-Султан жана Алматы шаарларында реформаларды талап кылган митингдер өттү

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы митинг катышуучулары Декабрь жана Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын эскерип, бийликти реформаларга чакырышты.

Нур-Султанда жарандар 1932-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналып тургузулган монументтин алдына чогулушту. Алар 1986-жылдагы декабрь жана 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын эскеришти. Акция катышуучуларынын көбү катардагы жарандардын учурдагы социалдык-экономикалык абалына нааразы экенин билдирип, айрымдары бийликти саясий туткундарды бошотууга чакырышты. Мындан тышкары алар 16-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялоо керектигин белгилешти.

Өзүн жергиликтүү аткаруу органынын кызматкери деп тааныштырган адам үн күчөткүч аркылуу бул жыйын мыйзамсыз экенин айтып, чогулгандарды таркап кетүүгө чакырды. Бирок акция катышуучулары тараган жок.

Алматыда Республика аянтында «Oyan, Kazakhstan» жарандык кыймылынын митинги өттү. Анын катышуучулары «Ойгон, Казакстан!», «Парламенттик республика үчүн!», «Назарбаевсиз Казакстан!», «Чал кет!» деген ураандарды кыйкырышты. Мындан тышкары бийликти демократиялык реформаларды жасоого чакырып, акимдер менен соттор эл тарабынан шайланышы керектигин айтышты.

Буга чейин Алматыдагы аянтка «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын мүчөлөрү чыгып, Эгемендик монументине гүл коюп, шинжаңдык казактар Кастер Мусахаулы менен Мурагер Алимулыны Кытайга өткөрүп бербөөгө чакырышкан.

Учурда Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы митингдер уланууда.

Кечээ, 16-декабрда Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Бул дата 33 жыл мурда Алматыдагы массалык демонстрациялар өткөн күнгө туура келет. Анда казак жаштары Советтик Казакстандын башчысы кызматына Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан. Мындан тышкары дал ушул күнү, 2011-жылы Жаңы-Өзөн шаарында кандуу окуя болгон. Анда мунайчылардын нааразылыгы күч менен басылып, расмий маалыматтар боюнча 17 адам өлгөн.

Жекшемби күнү жана кечээ эртең менен ыктымал митингдердин алдында Казакстандын шаарларында ондогон активист кармалганы кабарланган.

Буга чейин бозгундагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан негизделген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 16-декабрда өлкө шаарларында митингдерди өткөрүү ниетин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53