KELECHEK
rek

Милиция тарабынан окуучуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көңүл бурулууда (ФОТО)

Милиция тарабынан окуучуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көңүл бурулууда (ФОТО)

Ала-Бука РИИБнин демилгеси менен район аймагында жайгашкан 39 мектепте, лицей-колледждерде жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чараларга райондук администрация өкүлдөрү, үй-бүлө жана балдарды коргоо, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү айыл өкмөт башчылары,

ата-энелер жана окуучулар катышууда. Милиция кызматкерлери тарабынан эрте никеге туруунун терс жактары, суицид, топтошуп мушташуулардын алдын алуу, мектеп рекетчилигин болтурбоо, телефондордогу терс таасир берүүчү видео ролик жана оюндардын зыяндуулугу, түнкүсүн зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектиги тууралуу маалыматтар берилди.

Мына ушундай эле иш-чара Аксы РИИБи тарабынан да жүргүзүлүүдө.  Атайын түзүлгөн графиктин алкагында 12 айыл өкмөттөгү 65 орто мектептерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолугушуулар уюштурулуп, терс окуялардан алыс болуу керектиги эскертилүүдө. Аксы райондук аскер комиссариатына алгачкы

аскердик каттоого коюу учурунда Ак-Суу жана Жаңы-Жол айыл аймактарынын 15 жаштагы уландарына РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактар, алардын иштөө механизмдери көрсөтүлдү. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө жана коргоого чакырышып, мыкты билим алууга үндөштү.

Ал эми Ноокен РИИБи тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлүп, кышкы суук күндөрдө жылуулук үчүн көмүр түшүрүлүп берилди. Өз кезегинде ыраазы болгон район тургуну милиция кызматкерлерине алкыш айтып, ак батасын берди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41