KELECHEK
rek

Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплекси ачылды

Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплекси ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-декабрда, Сауд Арабиясына болгон расмий визитинин алкагында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексине анын ачылышына байланыштуу барды.

Ачылыш аземине Эр-Рияддын Губернатору, Ханзаада Фейсал Бин Бандар аль Сауд, Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Сауд Арабиясында жашаган мекендештер катышты.

Улуттук гимндин коштоосунда Кыргыз Республикасынын туусу салтанаттуу көтөрүлдү.

«Кудайдын буйругу менен, Эки ыйык Мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдел Азиздин жеке көзөмөлү менен Эр-Рияддын кичинекей бөлүгүнө айланган элчилигибиздин жаңы имаратынын түндүгүн көтөрүп жатабыз. Кыргыз желеги желбиреп, тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Бүгүнкү күн баарыбыздын жүрөгүбүздөн орун алып, дайыма эсте калат деп ишенем. Баарыңыздарды ушул кубаныч менен чын дилимден куттуктайм», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бул Элчилик эки өлкөнү байланыштырган көпүрө гана эмес, бекем өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи.

«Тарыхый булактарга ылайык, байыркы араб саякатчылары миң жыл мурда кыргыз эли жана анын жерлери жөнүндө жазууларды калтырышкан. Демек, бул эки элдин ортосундагы байланыш байыртадан бери болгонун далилдеп турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сауд Арабиясы араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, дипломатиялык мамилелерди орнотконун эске салды. Учурдан пайдаланып, эки Ыйык Мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Саудга эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал анын расмий визити өлкөлөр ортосундагы мамилелердин күчөшүнө жана алардын өнүгүшүнө көмөктөшөрүнө ишеним билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12