KELECHEK
rek

Мухаммад Салих: Тажикстан менен Өзбекстан ЕАЭБден оолак турушу керек

Мухаммад Салих: Тажикстан менен Өзбекстан ЕАЭБден оолак турушу керек

Мухаммад Салих

 «Өзбекстан элдик кыймылынын» жетекчиси, оппозиционер Мухаммад Салих Тажикстан менен Өзбекстан ЕАЭБден оолак туруп, Борбор Азиядагы беш өлкө өз алдынча биримдик түзүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Прагада «Настоящее время» жана «Озодиге» берген маегинде билдирди.

– ЕАЭБге биригүүнүн кесепеттерин Казакстан жана Кыргызстандын мисалында көрүп жатабыз. Кыргызстандын айрым аймактарында эл бул союзга каршы митингге чыгууда. Жеке мен бул биримдиктен жакшы эч нерсе көргөн жокмун. Казактар дагы ЕАЭБге кошулуп, сүйүнүп кетишкен жок. Лукашенко да Евразия экономикалык биримдигине тез-тез нааразы болуп турат. Өзбекстан бул биримдикке кызыгат деп ишенбейм. Бизге аймактын ичинде өзүнчө интеграция керек. Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинде өзүнчө бекем биримдик түзүүгө убакыт жетти деп ойлойм, – деди Мухаммад Салих.

Ал Өзбекстандын тышкы саясатына баа берип жатып, ынак коңшулук мамилелерди колдой турганын, аймактагы өлкөлөр виза режимин толугу менен жокко чыгарышы керектигин айтты.

Азыркы кезде Түркияда жашап жаткан акын жана оппозиционер Мухаммад Салих 1989-жылы “Эрк” демократиялык партиясын негиздеген. 1991-жылы ал биринчи президенттик шайлоого катышып, ошол кездеги мамлекет башчы Ислам Каримовго атаандаш болгон. Расмий малымат боюнча Мухаммад Салихке элдин 12,7% добуш берген, ага чейин Өзбекстандын радиосу оппозиционер 33% добуш алганын жарыялаган. Эркин байкоочулардын эсебинде Мухаммад Салих добуштардын жарымынан көбүн алган. Шайлоодон кийин аны колдоп чыккан студенттердин демонстрациясы атылып, эркин басылмалар жабылган жана оппозиция лидерлерине иш козголгон. Мухаммад Салих өзү Өзбекстандан 1993-жылы чыгып кетип, Түркиядан башпаанек алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...