Азия чемпиону Акжол Махмудовду Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты
Кечээ, 13-июль күнү Кытайда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугун алып, алтын медаль менен кайткан Акжол Махмудовду Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спорт күйөрмандары жана балбандын туугандары Ош Эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, вице-мэр А.Топчубаев спортчуга ак калпак кийгизип, чапан жаап, ийгилик каалады.
“Ар бир ийгиликке жетишкен спортчулар өлкөбүздүн спорт тармагындагы аброюн жогорку деңгээлге жеткиришет. Ошондой эле алардын жеңиштери жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусун арттырып, жаш өспүрүмдөргө эң жакшы үлгү болот. Андыктан сенин багындыра турган ийгиликтерин дагы да болсо алдыда. Өлкөнүн намысы үчүн көптөгөн ийгиликтерге жетишесиң деп ишенем”,-деди А.Топчубаев.
Айта кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 7-июлдан 10-июлга чейин Кытайдын Тайчжунг шаарында өткөн. Акжол Махмудов 69 кг. салмактык категорияда күч сынашып, алтын медаль менен кайтты. Азия чемпиондугуна 400гө жакын балбан катышкан. Кыргызстандан барган курама команда үчүнчү орунду багындырып, эки алтын, бир күмүш, төрт коло медаль менен кайтышты.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 2014-жылы Индияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште да биринчиликти камсыздап, Азия чемпиондугу аталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20
Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...
Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-09 01:23
Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...
Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...
СПОРТ 2016-05-14 09:30