KELECHEK
rek

Орусияда «Эл кызматчысы» сериалындагы Путин тууралуу тамаша алынып салынды

Орусияда «Эл кызматчысы» сериалындагы Путин тууралуу тамаша алынып салынды

«Эл кызматчысы» сериалындагы кадр

ТНТ телеканалы башкы ролду Украинанын президенти Владимир Зеленский аткарган «Эл кызматчысы» сериалындагы орус президенти Владимир Путин тууралуу тамашаны алып салды. Бул тууралуу «Би-Би-Синин» орус кызматы кабарлады.

Сюжетке ылайык, Зеленскийдин аткаруусундагы Украинанын президенти Голобородько кымбат баалуу саат жана костюм алганы барат. Жардамчысы ага Владимир Путин Швейцариянын Hublot (аталышын «хубло» деп айтат) үлгүсүндөгү саатын тагынарын айтат. Зеленский «Путин — хубло?», деп сураганда жардамчысы «Ооба» деп жооп берет.

Социалдык түйүн колдонуучуларынын жазганынан караганда, сериалдагы бул учур Ыраакы Чыгышта көрсөтүлгөн. Бирок Орусиянын Европа бөлүгүндөгү көрүүчүлөр үчүн алып салышкан. Москвада көрсөтүлгөн версиясында бул жери монтаждалганы байкалып турат.

«Эл кызматчысы» сериалы орус телеканалында көрсөтүлө тургандыгы Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин Париждеги жолугушуусунан кийин белгилүү болгон. ТНТнын проморолигинде сериалдагы Зеленский чыныгы президент менен салыштырылган: «Сериалда ал экономиканы өнүктүргөн, А чыныгы жашоодочу? Сериалда ал коррупцияны жеңген. А чыныгы жашоодочу? Сериалда ал Евробиримдикти четке каккан. А чыныгы жашоодочу? Кыскасы, Зеленскийдин версиясын көр».

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...