KELECHEK
rek

Казакстанда 16-декабрдагы ыктымал митингдердин алдында активисттер камакка алынууда

Казакстанда 16-декабрдагы ыктымал митингдердин алдында активисттер камакка алынууда

11-декабрда Нур-Султан шаардык соту кеминде дагы алты активистти камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар билдиришти.

Жарандык активист Айнур Мырзалиеванын айтымында, Зубайда Сейдахметова менен Фариза Беспаева 10 суткага, Нурсултан Тастаев менен Болатхан Хамитулы 15 суткага камалды. Алар «Митинг уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Активисттер 26-27-ноябрь күндөрү саясий туткундарды бошотуу талабы менен Европа биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн алдындагы акцияга катышкан.

Мындан тышкары 11-декабрда Нур-Султандын административдик соту активисттер Акмарал Керимбаева менен Капар Ахатты 10 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. ЕБдин өкүлчүлүнүн алдындагы акцияга катышкан бул активисттер да «тынч жыйындарды өткөрүү тартиптерин бузууга» айыпталышты.

Апта башында Нур-Султан сотунун чечими менен 26-27-ноябрдагы акциялардын катышуучулары Гүлмира Халыкова менен Галия Тамабаева 10 суткага камалган. Мындан тышкары социалдык түйүн аркылуу 16-декабрда митингге чыгуу чакырыгы үчүн активист Марат Мусабаев 15 суткага камакка алынган. 9-декабрда сот активист Жумамурат Шамшини 10 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун маалыматына ылайык, ал 27-ноябрда ЕБ өкүлчүлүгүнүн алдында өткөн акцияда «Кытайдын Шинжаңдагы саясатына каршы» ураандарды кыйкырган.

11-декабрда Алматынын район аралык адистештирилген соту үч активистти “тынч жыйын өткөрүү эрежесин бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот чечимине ылайык, Асхат Жексебаев 15 суткага, Ноян Рахимжанов 13 суткага камалып, Бакдаулет Алибековго 130 доллар айып пул салынган.

10-декабрда «Ойгон, Казакстан!» жарандык кыймылынын Алматыдагы активисттери Дильда Рамазан менен Бауыржан Сабит аларга прокуратура кызматкерлери байланышка чыгып, уруксат берилбеген митингдерге катышуу үчүн жоопкерчилик бар экендиги тууралуу эскертүү беришкенин айтып чыгышкан.

«Кахарман» укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 16-декабрда белгилене турган Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Актау, Актөбө жана Орол шаарларында дагы активисттер кармалып, камакка алынууда.

Буга чейин оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов тарабынан негизделген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 16-декабрда өлкөнүн бир катар ири шаарларында митинг өткөрүү планын билдирген.

2018-жылы сот бул кыймылды экстремисттик деп таап, Казакстандагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53