KELECHEK
rek

HRW өзбек бийлигин түрмөлөрдөгү кыйноону токтотууга чакырды

HRW өзбек бийлигин түрмөлөрдөгү кыйноону токтотууга чакырды

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанды Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунуштарын аткарып, өлкө абактарындагы кыйноону жана ырайымсыз мамилени токтотууга чакырды.

Мындан тышкары уюмдун баяндамасында Ташкенттин эл аралык өнөктөштөрү өлкө жетекчилиги менен жолугушууларда бул маселени козгоп турушу керектиги белгиленген.

«Өзбекстан бул жаман көрүнүштү биротоло токтотуу үчүн кыйноого каршы аракеттерди тез арада баштоонун зарылдыгын түшүнүшү керек, — деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон.

Өткөн жумада БУУнун комитети Өзбекстан боюнча документинде 2017-2018-жылдары кыйноо тууралуу арызданып, прокуратурага кайрылгандар 10 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. Комитет ырайымсыз мамиле үчүн жоопко тартылган кызмат адамдарынын саны ошол эле бойдон калганына тынчсыздануусун билдирген.

Комитет кыйноодон улам абакта көз жумган адамдар тууралуу кабардар экенин белгилеп, бирок андай учурлардын санын келтирген эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53