KELECHEK
rek

Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өтүштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кодуранова кабарлады. Эл өкүлүнүн айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

- Оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналган кишиге экспертиза дайындалат, - деди ал. - Шектүү андан баш тартып койсо болот. Кечээ экс-президент баш тартты. Ал башынан эле тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Мен Ирина Юрьевна болуп дайыма мыйзам сакталышы керек экенин айтып келебиз, ошондуктан экспертизадан өттүк. Экспертиза маектешүү форматында өтүп, көп убакытты талап кылган жок. Бир нече дарыгер суроо берди.

9-декабрда Ички иштер министрлиги мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка байланыштуу шектүүлөр ушундай экспертизадан өтүшү зарыл экенин маалымдаган.

Министрлик «2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шек саналып жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесуалдык кодекстин 171-беренесинин («Экспертизаны дайындоонун негиздери») негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү» – деген кайрылуу тараткан.

ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, азыр УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, 100дөн ашуун адам жараат алган

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53