KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨЖП) Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту.

Эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Мажид Саиф Аль-Гурейрдин атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Кыргыз-эмират кызматташтыгын бекемдөө үчүн соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Президент өлкөлөрдүн пайдаланылбай жаткан экономикалык чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Дубайдын СӨЖП аянтчасында Кыргызстан жана БАЭнын кызыкчылыгына жооп берген стратегиялык багыттарга көңүл бурууну сунуштады.

Артыкчылыктуу багыттар катары Сооронбай Жээнбеков эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү, соода-логистикалык борборлорду куруу, жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарбасы, азык-түлүк коопсуздугу, санариптештирүү, заманбап технологияларды өздөштүрүү, тоо-кен өнөр жайы, туризм, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү атады.

Президент Сооронбай Жээнбеков тажрыйба алмашуу ар кандай биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызмат кыларына жана эки өлкөнүн жарандарына пайда алып келерине ишеним билдирди. Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасын Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр Президент Сооронбай Жээнбековдун визит менен келгенине кубанычтуу экенин белгиледи.

БАЭ Президенти Халифа ибн Заид Аль Нахайян жана өлкө жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууга көңүл бөлөрүн жана БАЭ бизнес чөйрөсүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен активдүү кызматташууга чакыраарын баса белгиледи.

Ал Дубай СӨЖПнын Бакуда (Азербайжан) өкүлчүлүгү бар экенин жана тажрыйба алмашуу үчүн региондогу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мажид Саиф Аль-Гурейр Кыргызстандагы ыңгайлуу инвестициялык кырдаал жөнүндө маалыматы бар экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз элинин меймандостугу да инвесторлор үчүн жагымдуу экенин белгиледи.

Ал Бириккен Араб Эмираттарынын туруктуу өнүгүп жатканынын башкы себебин — БАЭ дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен достук мамиле күткөн ачык өлкө экенин кошумчалады. Кыргызстан менен болгон мамиле өзгөчө орун ээлей турганын, кийинки 4 жыл аралыгында өз ара товар жүгүртүүнүн көбөйүп бара жаткандыгы байкаларын баса белгиледи.

Мажид Саиф Аль-Гурейр Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун расмий визити эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү болоруна ишеним билдирип, Кыргызстандын бизнес-чөйрөсүн БАЭ ишкерлери менен активдүү иштөөгө чакырды.

Мажид Саиф Аль-Гурейр Дубай шаарынын соода-өнөр-жай палатасы Кыргызстандын БАЭдеги ишенимдүү өнөктөшү, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча болот деп ишендирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38