KELECHEK
rek

Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушуу аяктады

Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушуу аяктады

Дүйшөмбү күнү Парижде «Норманд төрттүгүнө» кирген өлкөлөрдүн лидерлери Франция, Германия, Орусия жана Украина президенттери жолугуп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Тараптар кеңири жыйындардан тышкары өз-өзүнчө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алгач Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын башчысы Владимир Зеленский жолукту.

Тараптар Донбасстагы абалды жөнгө салуу тууралуу Минск келишимдеринин аткарылышын талкуулап, ок атпоо режимин 2019-жылдын аягына чейин сактоо боюнча макулдашууга келишти.

Кеңири жыйындын жүрүшүндө тараптар жыл соңуна чейин бардык туткундарды алмаштыруу маселесин талкуулап, ага чейин аларга «Кызыл Чырым» уюмунун кызматкерлеринин тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалышы керектигин белгилешти. Ошондой эле жолугушууда Донбасстагы куралдуу күчтөр чыгарылып кете турган жаңы үч тилке аныкталды. Тараптар орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактар менен Украинанын ортосунда жаңы өткөрмө бекеттерди ачуу зарылдыгын да белгилешти.

Мындан тышкары мамлекет башчылар кийинки жолугушууларда жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарда жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүнүн форматын талкуулоо боюнча макулдашты.

Жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Анда мындан аркы сүйлөшүүлөрдө тараптар база катары Минск келишимин кармана тургандыктары белгиленген.

Лидерлердин бардыгы тең ортодогу ишенимди калыбына келтирүү үчүн бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Сүйлөшүүлөрдү «тынчтыкты көздөй жасалган кадам» деп сыпаттаган Владимир Зеленский Путин экөөнүн ортосундагы айрым пикир келишпестиктер чечилбегенин белгиледи. Анын айтымында, Путин Орусия менен жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактын чек арасын бул райондордогу шайлоолорго чейин Украина тарапка өткөрүп берүүгө макул болгон жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52