KELECHEK
rek

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурордун кылмыштары тууралуу тасманы көрсөтүү кийинкиге калтырылды

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурордун кылмыштары тууралуу тасманы көрсөтүү кийинкиге калтырылды

Былтыр май айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровду «чыныгы ууру» деп атап, жакында ал улуттук телеканалдан кечирим сурай турганын билдирген. Бирок мурдагы аткаминердин сөзү жазылган тасма даяр болгондон бери үч ай өтсө да көрсөтүлө элек.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган Рашид Кадыров 2018-жылы февралда кармалып, быйыл июнда 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Пара алуу», «Салык төлөөдөн качуу», «Алдамчылык», «Кылмыш иштери боюнча тергөө иштерине кийлигишүү» жана «Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Кадыровдон тышкары прокуратура жана Улуттук коопсуздук органдарында иштеген дагы 12 аткаминер түрдүү мөөнөттөргө соттолгон.

Мурдагы башкы прокурордун кылмыштары тууралуу тартылган тасманы көрүп чыккан өз булактын айтымында, 70 мүнөттүк тасманын аягында Кадыров жана аны менен чогуу соттолгон аткаминерлер кылган кылмыштарына өкүнүп, президенттен жана элден кечирим сурашкан. Тасманы даярдоо иштери былтыр күзүндө башталып, быйыл жайында аяктаган.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген өзбек аткаминеринин айтымында, тасманы Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы, Олий Мажлистин (парламент) сенатору Рустам Иноятовдун кийлигишүүсүнөн кийин көрсөтпөй туруу чечими кабыл алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53