KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасын толугу менен санариптештирүү колдон келет, бирок реформанын ийгилиги техникадан эмес, адамдык фактордон көз каранды

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасын толугу менен санариптештирүү колдон келет, бирок реформанын ийгилиги техникадан эмес, адамдык фактордон көз каранды

«Сот системасын толугу менен санариптештирип, сот процесстеринин ачыктыгын камсыздоо колдон келет, бирок реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, судьялардын ички абийиринен, инсандык тазалыгынан, адилеттүүлүгүнөн көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында.

Мамлекет башчысы соттук реформаны баштаганда абдан катуу тоскоолдуктар болгонун белгиледи.

«Муну киргизгенге болбойт, мамлекеттик башкаруу системасына оорчулук алып келет, укук коргоо органдары деморализация болуп иштей албайт деген ар кандай кептер айтылган. Биз ошого карабай, киргиздик. Бир жылдан берки убакыт көргөздү — муну киргизгенибиз туура болгонун. Кандай реформа болбосун — абдан оор жүрөт, ага чоң каражат керек, кадрдык потенциал керек. Ансыз реформа алдыга жылбайт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал соттук реформанын жүрүшүндө жетишкендиктер да, ошол эле мезгилде абдан көп кемчиликтер да бар экенин белгиледи.

«Биз аны жашырган жокпуз, ачык айтып, бардыгын биргеликте чечип жатабыз. Жарандык коом, бизге жардам берген донорлор, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт, Президенттин Аппараты — бардыгы чогуу иштеп, кемчиликтерди жоюу аракети болууда. Ушул бойдон кете берсек, бул реформа аягына чыгат. Бизде саясий эрк, сот системасын толугу менен санариптештирип, ага каражат табуу, бул реформаны аягына чыгаруу боюнча толук мүмкүнчүлүк бар. Тоскоолдуктар соттук реформаны ишке ашыра турган жетекчилерге байланыштуу. Айрыкча адамдык фактор, уюштуруу маселелери таасир этүүдө. Кайсы мекемеде, министрлик менен ведомстводо жетекчилик аракет кылып көңүл бурган болсо — реформалар жылып жатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал сот системасын жана укук коргоо органдарын тазалабай туруп, реформаны ишке ашырууга, мамлекеттик бийликке ишеним камсыздоого мүмкүн эместигин, реформа сөзсүз аягына чыгаарын баса белгиледи.

«Аны саботаж кылгандардан, мүмкүнчүлүгү болуп туруп, ишке ашырбагандардан тазаланабыз, алар менен коштошобуз. Соттук-укуктук реформа биздин мамлекетке аба менен суудай керек. Муну менен экономика, инвестиция, мамлекеттин бүт тагдыры байланышкан», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53