KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот өндүрүшүн жүргүзүүнү санариптештирүү бардык тармактарды камтууга тийиш

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот өндүрүшүн жүргүзүүнү санариптештирүү бардык тармактарды камтууга тийиш

«Сот өндүрүшүн жүргүзүүнү толук бойдон санариптештирүү керек. Ал кылмыш блогу менен гана чектелбей, соттук өндүрүштүн бардык түрлөрүн — жарандык, администрациялык жана башка тармактарды камтууга тийиш», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйынында.

Мамлекет башчысы сот тармагын санариптештирүү пилоттук вариантта ишке ашырылып жатканын белгиледи.

«Санариптештирүү жалпы боло элек, азырынча пилоттук вариантта гана ишке ашырылууда: пилоттук соттор, пилоттук пробация, пилоттук тергөөчүлөр кабинеттери, пилоттук милиция. Бишкекте да соттук-укуктук реформанын санариптик элементтери толук киргизиле элек. Соттук жыйналыштарды аудио-видео-протоколдоо менен жабдуу дагы деле жүргүзүлүп жатат. Бул системалар өз ара жакшы бириге элек», -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, макулдашылган бирдиктүү программалык системаны иштеп чыгуудагы кемчиликтерге токтолду.

«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү каттоосу камсыз кылынып, ведомстволук эмес, жалпы өлкөлүк укуктук статистиканы түзүүнү толук ишке ашыруу керек. Каттоо блогунда олуттуу проблемалар бар. Бир жыл ичинде Кылмыштардын реестринде бирдиктүү каттоо менен байланышкан маселе чечилбей келе жатат. Кылмыштардын реестринде бирдиктүү каттоо — бирдиктүү болууга тийиш, болбосо жалпы өлкөнүн укуктук статистикасын түзүү мүмкүн болбойт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал каржылоонун эффективдүү колдонулбаганы, мамлекеттик бюджеттен каралган акча каражаттары жана донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттар чаржайыт колдонулуп жатканын айтты.

Кылмыштардын реестрин каржылоо туруктуу эмес болуп жатканын, азыркы учурда ресурстар чачыранды болбошу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Бузуулардын реестри системасын түзүү боюнча иштер артта калып, реестрди ишке киргизүү процессине байланыштуу кемчиликтерди атады.

Ал белгилегендей, Кылмыштардын реестринен айырмаланып, Бузуулардын реестри системасы да, тиешелүү адамдар да жаңыча иштөөгө даяр эмес. Ички иштер министрлиги жана башка мамлекеттик органдар тийиштүү тыянак чыгарып, жаны институтту тезинен ишке киргизүүгө тийиш. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө тергөөчүлөргө жүктөмдүн көп болуп жатканы маалым. Бул бирдиктүү координациянын жоктугунан кабар берет.

Мындан тышкары, тергөөчүлөрдүн колдорунда каралбай жаткан иштердин санынын көптүгү түздөн-түз прокурордук көзөмөлдүн деңгээлин айтып турат. Көзөмөлдү күчөтүү жана жергиликтүү прокурорлордун көзөмөл ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу зарыл. Кылмыштардын реестринде «тергөө судьясы» блогу толук даяр эмес. Соттун автоматташтырылган маалымат системасы менен Кылмыштардын реестринин ортосунда карама-каршылыктар бар.

«Жогорку сот Башкы прокуратуранын катышуусу менен бул проблемага көбүрөөк көңүл бурууга тийиш. Каттоо системасын толугу менен түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу абзел. Соттолгон адамдардын реестри боюнча Жогорку сот, жаза аткаруу кызматы жана пробация органдары биргеликте иштөөгө тийиш. Азыркыга чейин көпчүлүк тергөө судьялары жашыруун материалдарды ала алышпайт. Бул тергөө амалдарынын мыйзамдуулугун контролдоого кедергисин тийгизет. Жогорку соттун соттук практиканы жалпылоо боюнча иши жай жүр үп жатат. Региондордо судьялар сунуштамаларды өз убагында албай калууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал региондордогу судьялар менен баарлашуу көрсөткөндөй, Жогорку соттун пленумдарынын кабыл алынган чечимдери жер-жерлердеги судьяларга чейин жеткирилген эместигин кошумчалады.

«Ушул жылда тергөө судьяларынын практикаларын жалпылоого арналган 2 пленум өткөрүлдү. Бул жетишсиз, себеби көптөгөн новеллалар боюнча бирдиктүү соттук практика жок. Жогорку соттун пленуму активдүү иштеп, анын маалыматтары мыйзамдардын бирдиктүү концепциясын ишке ашырууга жардам бериши керек», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Жарандык-укуктук иштер боюнча жазык жоопкерчилигине туура эмес тартууга байланышкан проблемалар байкалып жатканын айтты.

«Мунун себептеринин бири — сотко кайрылууда мамлекеттик алымдын өлчөмү чоң болгондуктан, жарандар бул тоскоолдуктан өтүүгө аракет кылып, сотко эмес, тергөө органдарына кайрылып жатышат», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Дагы бир маанилүү жагдай катары айрым жергиликтүү соттордун судьяларынын иш жүктөмү ченемдеш эместиги жана аны теңдөө зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө пробация кызматы өткөөл мезгилди башынан өткөрүп жаткандыгын, жаза аткаруу системасындагы жазалоонун альтернативалуу чараларын аткаруу процесси менен мурда байланышкан бардык ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгуу, процессти санариптештирүү, кадрдык жана материалдык-техникалык жагынан бекемдөө керектигин белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12