KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформа артка кайткыс мүнөзгө ээ

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформа артка кайткыс мүнөзгө ээ

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышын өткөрүүдө.

Күн тартибине жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин колдонуунун жүрүшү тууралуу жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, Соттук реформа боюнча кеңеш жана Өкмөт тарабынан жактырылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелери сунушталды.

Мамлекет башчысы буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кыскача айтып кетти.

Ал белгилегендей, өткөн 2 жылдын ичинде Кеңештин эки жыйналышы өттү. Анда сот системасы үчүн жаңы программанын долбоору, айрым мыйзам актыларын өркүндөтүү каралды. Ошондой эле жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү маселеси талкууланды. Андан сырткары, ушул жылдын март айында болуп өткөн Судьялардын съездинде Президент тарабынан алдыга коюлган милдеттер белгиленди.

«2018-жылдын майында менин тапшырмам менен соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул — иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн байкап турууга, проблемаларды аныктоого жана аларды оперативдүү чечүүгө мүмкүндүк берген туура кадам болду. Аталган топ мониторинг жүргүзүү үчүн өлкөнүн бардык облустарына барып келди. Жер-жерлерде жаңы мыйзамдарды колдонуу, ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүздү. Мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жаңы мыйзамдардын жоболору боюнча окутууларды өткөрдү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы 2018-жылдын октябрында жана 2019-жылдын июлунда соттук-укуктук реформага мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ менен кеңешме өткөргөн. Алардын ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышкан. Анда соттук-укуктук реформанын жүрүшүнүн негизги проблемалары аныкталып, жыйынтыгында мамлекеттик органдарга кемчиликтерди жоюу боюнча кошумча тапшырмалар берилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгиледи. Бирдиктүү реестр Кыргызстанда эң чоң электрондук системанын бири. Бул система ачык статистиканы, анын катарында адам укуктарын коргоо боюнча статистиканы көрсөтө баштады. Реестр ишке киргенден бери катталган кылмыштардын саны кескин түрдө өстү, себеби жаңы кодекстердин талабына ылайык ар бир арыз катталууга тийиш.

«Мурдагыдай кааласа каттап, кааласа жаап кое турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы — бул реалдуу статистика. Бирок азырынча бул Реестрдин бир гана — сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, реформанын алкагында айрым мамлекеттик органдарда түзүмдүк өзгөрүүлөр болду. Анын ичинде, пробация — граждандык кызмат катары Юстиция министрлигинин системасына өттү. Райондордун жана шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүндө сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарлардын кызматы түзүлдү. Ошондой эле Ички иштер министрлигинде жоруктарды алгачкы текшерүү кызматы түзүлдү.

Соттук системаны мамлекеттик бюджеттен каржылоо иши жакшырды. 2018-жылы дээрлик 1,6 млрд сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 млрд 154 млн сом бөлүнгөн жана 2020-жылга 2 млрд 193 млн бөлүндү.

Мамлекеттик органдарды тиешелүү программалык системалар жана аудио, видео жазуу каражаттары менен жабдуу үчүн каражаттар бөлүндү. Жыйынтыгында соттордун жана тергөөнүн ишинде мындай техникалык жабдуулар колдонула баштады.

Сот өндүрүшүндөгү жаңы институттун — тергөө судьясынын ишмердиги башталды. Мыйзамдарда келип чыккан карама-каршылыктарды, боштуктарды жоюу боюнча Өкмөттүн алдында түзүлгөн жумушчу топ — түшкөн сунуштарды дыкат кароодо. Ага мониторинг боюнча жумушчу топ көмөк көрсөтүп жатат. Өкмөт тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке киргизген. Айрым мыйзам долбоорлордун пакетин Өкмөт жакынкы арада парламентке киргизет.

Андан сырткары Өкмөт Кыргыз Республикасынын соттук системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген.

«Жогорку Кеңеш бул мыйзамдарга жана программага мамлекеттик көз караш менен карап, аларды өз убагында кабыл алат деп ойлойм. Жалпысынан алганда, соттук-укуктук реформа артка кайткыс мүнөзгө ээ болду. Бирок, аткарылчу иштер дагы эле арбын», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жыйын бул иштердин негизгилерин талкуулоо форматында уланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12