KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Реформанын ийгилиги биринчи кезекте судьялардын ички абийиринен, инсандык тазалыгынан, адилеттүүлүгүнөн көз каранды

Президент Сооронбай Жээнбеков: Реформанын ийгилиги биринчи кезекте судьялардын ички абийиринен, инсандык тазалыгынан, адилеттүүлүгүнөн көз каранды

«Реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, жеке силердин ички абийириңерден, инсандык тазалыгыңардан, адилеттүүлүгүңөрдөн көз каранды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда сот системасынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чарада судьялык корпуска кайрылып жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, адилеттүү сот бийлигин түзүү үчүн мамлекет тарабынан ар тараптан колдоолор көрсөтүлүп келүүдө. Сот тутумун каржылоонун көлөмү жылдан жылга өсүп жатат. 2018–жылы сот системасына 1,6 млрд. сом, ал эми 2019-жылга 2 млрд. 154 млн. сом бөлүнүп, анын бюджети 35 пайызга көбөйгөн. Соттор керектүү материалдык-техникалык ресурстар, техника менен жетиштүү камсыздалууда. Ошону менен катар, айрым бир көйгөйлөр бар.  Алар да өз ырааты менен чечилип жатат.

«Эми силерден да ошого жараша кайтарым болуп, өлкөдө адилеттүү, эл ишенген сот системасын орнотуу талап кылынат. Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт. Коом өнүкпөйт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Судьялык кесип — өтө жооптуу кесип, ал жаңылууну, ката кетирүүнү кечирбейт

Мамлекет башчысы белгилегендей, абийирдүү, адилеттүү, чынчыл судьяларды тандоо — Сотторду тандоо кеңешинин милдети. Кеңештин алгылыктуу аракети менен, бүгүнкү күндө соттук корпус бир кыйла жаңыланды. Бирок, судьялык кызматка кокустан келип калгандар да жок эмес. Айрым татыксыз судьялардын коррупциялык аракеттери дале токтобой жатканы тууралуу кайрылуулар келип жатат.

«Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын  аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялар — кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес. Аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы эң катуу чараларды көрүшү керек», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Маалыматтар боюнча, 2017-2019-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген. Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.

«Аларды колдоого алып, тиешелүү жарлыктарга кол койдум. Ошондуктан, мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга баруу фактылары — түп тамыры менен жоюулууга тийиш», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, туура эмес кабыл алынган соттук чечимдер жалпы мамлекетик башкарууга, бүтүндөй коомго доо келтирет.

«Биз мыйзамды мыкты билген, анын үстөмдүгүн сактаган, акыйкат иш алып барган, көз карандысыздык менен жоопкерчиликти айкалыштыра билген судьялардын корпусун түзүүгө умтулуп жатабыз. Мунун натыйжасында, өздөрүнүн калыстыгы менен коомубузда бийик кадыр-баркка, кынтыксыз ишенимге ээ болгон судьялардын курамы өсүп чыгат», — деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53