Ноокенде мал уурулук менен алектенген топ кармалды
Ноокен районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн топ мүчөлөрү кармалып, учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда.
2019-жылдын июль айында Ноокен РИИБге район аймагынын 4 жараны малы жоголгондугун айтып арызданышкан. Алардын бири О.Ж. 10-июлдан 11-июлга караган түнү базар баасы 12 000 сомдук бир баш ак сары түстөгү торпогу, А.Н. аттуу жаран 19-июлда түш чендерде базар баасы 15 000 сомдук бир баш кызыл-күрөң түстөгү торпогу, М.Х. 20-июль күнү күндүзү базар баасы 16 000 сомдук бир баш ак сары түстөгү торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү сураган. Бул арыздардын бардыгы Ноокен РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси “Уурдоо” менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Дагы бир Ноокен районунун тургуну А.А. милицияга кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон базар баасы 8000 сом болгон торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген. Бул факты боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыштарды жана жосунду жасаганга шектелип Ноокен районунун тургундары 1992-ж.т. П.Ш., 1995-ж.т. Т.И., 1998-ж.т. А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну С.С. экендиктери такталып, изин жашырып жүрүшкөн жеринен ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган малдарды жакынкы райондордогу мал базарларларга алып барып сатып жиберишкендиги белгилүү болгон.
Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда.
Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05