KELECHEK
rek

Жалал-Абадда суу менен камсыз кылууну жакшыртуу долбооруна коомчулук активдүү катышып жатат

Жалал-Абадда суу менен камсыз кылууну жакшыртуу долбооруна коомчулук активдүү катышып жатат

Жалал-Абад шаарынын тургундары “Ош жана Жалал-Абад шаарларында таза суу жана саркынды суу системаларын калыбына келтирүү” долбоорунун ишке ашырылышына активдүү катышып жатат. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынын кичи жыйындар залында өткөн шаардык Кеңеш берүү комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Шаардын ар бир кожолугуна суу өлчөгүчтөрдү орнотуу, ар бир кожолук менен өз ара келишимдерди түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга шаардыктар активдүү катышуу менен долбоордун өз мөөнөтүндө жүзөгө ашырылышына салым кошуп жатышат. Бул тууралуу аталган долбоор боюнча иштеп жаткан Борбор Азиялык суу боюнча альянсынын кызматкерлери билдиришти.

Белгилей кетсек, өткөн жылдан бери Жалал-Абад шаарында суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулар системасын калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул долбоордун алкагында ар бир шаар кожолугуна суу өлчөгүчтөрдү орнотуу, тийиштүү келишимдерди түзүү зарылдыгы бар. Азыркы кезде шаардын аймактык башкармалыктары, кварталдык жана үй комитеттери, анда түзүлгөн коомдук суу пайдалануучулар комитеттери шаардыктар арасында түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин алып барышууда.

- Коомдук комитеттер жайдын ысык аптабына карабастан ушул долбоордун ишке ашырылышы үчүн өз ыктыярлары менен акысыз иштеп, коомдук жүктү аркалап келатышат. Биз аларга абдан ыраазыбыз. Албетте, алдыда дагы да аткарыла турган иштер көп, биз коомдук комитеттерге таянабыз, - дейт Бообор Азиялык суу боюнча альянсынын өкүлү Жылдыз Ысманова.

Шаарда түзүлгөн Кеңеш берүү комитети эл арасында уюштуруучулук жана түшүндүрүү иштерин дагы да  активдештирүү боюнча чечимге келди.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу системасын толугу менен калыбына келтирүү долбоорун Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы колдогон. Долбоордун наркы 7 миллион евро. Долбоор ишке ашырылган соң, 50-60 жыл илгери курулуп,  азыркы убакта жараксыз абалга келип калган суу түтүтүктөрү жана саркынды суу системасы толугу менен жаңырат. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13