KELECHEK
rek

Трамп “Ислам мамлекети” тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн тастыктады

Трамп “Ислам мамлекети” тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн тастыктады

Абу Бакр аль-Багдади

АКШнын президенти Дональд Трамп “Ислам мамлекети” террорчул тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади америкалык аскерлердин операциясынын жыйынтыгында жок кылынганын билдирди.

– Багдади оорукчан жана адеп-ахлаксыз киши болгон. Эми ал жок. Багдади ырайымсыз адам болгон, ырайымсыз түрдө өлтүрүлдү. Ал коркоктой болуп качып жүргөн. Эми ал күнөөсүз бир дагы кишини, аялды же баланы кордой албайт. Ал ит, коркок сыяктуу өлдү. Дүйнө коопсузураак болуп калды, – деди Трамп.

Трамптын айтымында, америкалык аскерлер аль-Багдадини бир нече жума мурун таап, аңдып жүрүшкөн. Операцияга сегиз тик учак жана ондогон аскерлер катышкан. Трамп жеке өзү вице-президент Майкл Пенс менен бирге операцияга көз салганын кошумчалады. Трамптын айтымында, ИМ тобунун лидерин үч жыл издешкен, операцияга болсо эки апта даярдык көрүлгөн.

АКШ президенти операцияга даярданууга жардам бергени үчүн Орусия, Түркия, Сирия, Ирак өкмөттөрүнө жана күрд куралдуу кошуундарына ыраазычылык билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркия менен чек арага жакын Идлиб провинциясындагы айылдардын бирине чабуул башталганда Багдади жана анын эки аялы өздөрүн жардырып жиберишкен. Андан соң террорчу жашынган үйгө абадан сокку урулган.

Багдади өлтүрүлгөнү боюнча буга чейин бир нече жолу кабарланган, бирок ырасталган эмес. Америка өкмөтү анын жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйакы жарыялаган.

“Ислам мамлекети” тобу Ирак менен Сирияда 2014-жылдан тарта басып алган аймактардан сүрүлгөн соң Абу Бакр ал-Багдадинин кайда экени белгисиз болчу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52