УКМК: Сириядагы лагерлерде 500дөй кыргызстандык кармалып турат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады.
Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.
— Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, — деди Тургунбаев.
Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн. Разаков Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталганын, алардын апалары түрмөдө отурганын айткан.
2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.
«Азаттык» Түркиянын аскердик операциясы жүрүп жаткан аймактагы лагерлерде кармалган кыргызстандыктардын тагдыры боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга аракеттенип жатат.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Сириянын түндүгүндөгү лагерлерде кармалган аялдар менен байланышканда алар эки лагерде өзбекстандык 80дей кыз-келин, 200дөн көп бала бар экенин билдирген. Дагы бир лагерде канча өзбекстандык кармалганы белгисиз.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети болсо Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери ал жакка өлкөдөн 800 чамалуу адам кеткенин кабарлаган. «Жусан» операциясынын негизинде ал жактан 516 казакстандык кайтарылган, көпчүлүгү балдар болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









