Түркия менен АКШ Сириядагы жортуулду убактылуу токтотууга макулдашты
Түркия менен АКШ Сириянын түндүгүндө түрк аскердик жортуулун токтотуп турууга макулдашты. Бул тууралуу АКШ вице-президенти Майкл Пенс Анкарада Түркия президенти Режеп Эрдоган менен жолугушкандан кийин билдирди.
Ок атышуу 120 саатка токтотулат. Бул убакыт аралыгында күрд куралдуу кошуундары аскердик аракеттер болуп жаткан аймактардан чыгып кете алат. Андан соң Анкара операциясын толугу менен аяктайт.
Пенстин айтымында, Вашингтон Анкарага карата жаңы санкцияларды киргизүүгө ниети жок, ал эми буга чейинки чектөөлөр ок атышуу толугу менен токтотулгандан кийин алынышы мүмкүн.
"Түркиядан сонун кабар!.. Миллиондогон өмүр сакталып калат", – деп жазды Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына.
![]()
Donald J. Trump✔@realDonaldTrump
Great news out of Turkey. News Conference shortly with @VP and @SecPompeo. Thank you to @RTErdogan. Millions of lives will be saved!
41,1 тыс. человек(а) говорят об этом
Пенс менен Эрдогандын жолугушуусу эки жарым сааттан узакка созулду. Адегенде Эрдоган америкалык делегация менен жолугушпай турганын айтып, кийинчерээк планын өзгөрткөн. Түрк президенти АКШнын санкцияларынан коркпой турганын да белгилеген.
Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд куралдуу топторуна каршы 9-октябрда аскердик жортуул баштаган. Анкара аларды террордук уюм катары эсептейт. Вашингтон тескерисинче, аларды “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен күрөшүүдө өнөктөшү катары сыпаттаган. Аскердик жортуулдун алкагында Түркия чек арага жакын аймактардын бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Күрддөр болсо түрктөрдүн чабуулунан коргонуу үчүн бир катар шаарларды сириялык аскерлерге өткөрүп беришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52










