KELECHEK
rek

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши кармалды

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Фергана облустук башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз жаранына Курандын уникалдуу нускасын 150 миң долларга сатууга аракет жасаган кишини кармады.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, шектүү катары 49 жаштагы бухаралык Фаррух Шарапов кармалган. Ага китепти сатууга кокондук таанышы жардам берген. Аларман Кыргызстандан табылган.

Макулдашуу боюнча 150 миң долларды алгандан кийин Фаррух Шарапов Куран китебин Кыргызстанга жеткирип бериши керек болгон.

Өзбекстан Маданият министрлигинин экспертизасына ылайык, Курандын тексттери XVI кылымда жазылган жана каллиграф Мулла Юсуф Саххоф тарабынан китеп формасына келтирилген. XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында Куран оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Дээрлик беш кылымдык тарыхы бар, барактары алтындын буусуна кармалган китеп-кол жазуу Самарканд каллиграфиясынын стилинде жазылган. Анын наркы 1,8 миллиард сум (150 миң доллар) турат.

Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Тарыхый, илимий, көркөм баалуулугунан улам бул уникалдуу чыгарма Өзбекстандын аймагынан чыгарууга тыюу салынган китептердин катарына кирет. Тарыхый реликвия Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...