KELECHEK
rek

Түркия аэропорттогу чабуул боюнча дагы жети адамды кармады

Түркия аэропорттогу чабуул боюнча дагы жети адамды кармады

Түркия өткөн айда болгон Стамбулдун башкы аба майданына жасалган чабуулга тиешеси бар деген шек менен дагы жети адамды камакка алды. Түрк басылмалары маалымдагандай, бул иш боюнча кармалгандардын саны 37ге жетти.

Түркиянын мамлекеттик Anadolu маалымат агенттигинин билдиришинче, алар «куралдуу террордук топко жана өлтүрүүгө тиешеси бар» деп айыпталууда.

Dogan жаңылыктар агенттиги болсо кармалгандардын баары чет өлкөлүктөр экенин, алар 10-июлда кечинде камакка алынганын билдирүүдө.

28-июнда Стамбулдагы Ататүрк атындагы аэропортко жасалган чабуулда кеминде 45 адам мерт кетип, 240тан ашуун киши жаракат алган. Бир дагы топ бул кол салуу үчүн жоопкерчилик алган жок. Түркия бийлиги терактты «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жасады деп божомолдогон.

Түрк маалымат каражаттары өкмөттөгү булактарына таянып, чабуулду жасагандар Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары деп кабарлаган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...