АКШ Кытай компанияларына санкция киргизди
АКШнын Соода министрлиги Шинжаң жана Кытайдын башка аймактарындагы аз улуттун укуктарын бузууга катышы бар делген 28 мамлекеттик жана менчик фирмаларга санкция киргизди.
Эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана көптөгөн күбөлөрдүн маалыматына караганда, кытай бийлиги бир нече жылдан бери, уйгур, казак, кыргыз сыяктуу негизинен ислам динин туткан аз улуттун өкүлдөрүн куугунтуктап, аларды “кайра тарбиялоо лагерлерине” жөнөтүүдө. Ал жерде кармалгандарды коммунисттик пропагандага сугарып, мажбурлап кытай тилин үйрөтүшөт.
Санкциялык тизмеге илингендердин арасында Шинжаң-Уйгур автономдуу облусунун коомдук коопсуздук башкармалыгы жана ага баш ийген 19 уюм, видеокөзөмөл системасын өндүргөн Hikvision жана Dahua компаниялары, кишинин жүзүн жана үнүн тааныган программаларды иштеп чыккан Megvii менен Flytek фирмалары бар.
АКШ Соода министрлиги бул түзүмдөр репрессия, жапырт түрдө мыйзамсыз кармоо кампаниясы учурунда адам укуктарын бузуп, аз улут өкүлдөрү үчүн электрондук байкоо системаларын колдонушкан деп эсептейт.
Санкцияга кирген компанияларга АКШ бийлиги атайын уруксат берген учурлардан тышкары америкалык технологияларды импорттоого тыюу салынат.
Hikvision бул чечимге каршы чыгып, АКШнын аракети глобалдык компаниялардын адам укуктарын коргоо боюнча аракетине тоскоол болорун билдирди. Компания бул чечим АКШ экономикасына терс таасир тийгизерин да белгиледи.
Буга чейин АКШ улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат деген жүйө менен Huawei компаниясына да санкция киргизген.
БУУнун маалыматына караганда, Кытайдагы “кайра тарбиялоо лагерлеринде” бир жарым миллиондой аз улуттун өкүлдөрү бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









