KELECHEK
rek

Трамп Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү операциясын колдоодон баш тартты

Трамп Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү операциясын колдоодон баш тартты

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгыш райондорунан америкалык аскерлерди чыгаруу тууралуу комментарий берип жатып, америкалык аскерлерди үйгө кайтаруу зарыл экенин билдирди.

Президенттин айтымында, Түркия менен Европа өлкөлөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун барымтага алынган мүчөлөрүнүн андан аркы тагдыры тууралуу маселени өз алдынча чечиши керек.

Трамп эгер Түркия ага жакпаган кадамдарга барса, бул өлкөнүн экономикасын талкалап, жок кыларын айтты:

– Мен мурда да баса белгилегем, азыр да айтам: эгер Түркия болбогон иштерди жасаса, мен улуу жана эч кимге теңдеши жок даанышмандыгым менен муну аша чапкандык деп эсептеп, Түркиянын экономикасын толугу менен талкалап, жок кылам (мен муну мурда да жасагам).

https://pbs.twimg.com/profile_images/874276197357596672/kUuht00m_normal.jpg

Donald J. Trump

✔@realDonaldTrump

As I have stated strongly before, and just to reiterate, if Turkey does anything that I, in my great and unmatched wisdom, consider to be off limits, I will totally destroy and obliterate the Economy of Turkey (I’ve done before!). They must, with Europe and others, watch over...

126 тыс.

21:38 - 7 окт. 2019 г.

Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

153 тыс. человек(а) говорят об этом

Трамптын каршылаштары Сириянын түндүк-чыгыш райондорунан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү АКШнын өнөктөштөрүн, Сирия демократиялык күчтөрүн коркунучка кептеп, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен болгон күрөштү татаалдаштырат деп эсептешет.

Адатта Трампты колдоп жүргөн республикачыл-сенатор Линдси Грэм да бул сапар президенттин Сирия боюнча чечимин айыптаган.

6-октябрда АКШ президенти Түркия президенти менен телефондо сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Трамп Сириянын түндүгүндө аскердик операция жүргүзүүдө Эрдоганды колдобой турганын айткан. Трамптын билдиришинче, америкалык аскерлер бул операцияга катышпайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52