
Ош шаарындагы жеке ишкерлер Абдыкадыр Орозбековдун эстелигин реконструкциялайт

Өткөн жума Ош шаарындагы жеке ишкерлердин башын бириктирген “Бизнести өнүктүрүүдө кеңешчилердин орду” аттуу жыйын болуп өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги уюштуруп, 100гө жакын жеке ишкерлер келип катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө үч маселе ортого салынды. Алар 2016-жылдагы өндүрүш багытындагы алты айлыктын жыйынтыгы, “Тарых жана маданият” жылындагы жеке ишкерлердин салымы жана Ош шаарында өтүүчү инвестициялык форумдун өтүшү туурасында болду.
Тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору Замир Юсупов шаардын экономикалык жактан жогорулап, өнөр жай тармагынын өсүшүнө жеке ишкерлердин салымы чоң экендигин билдирди.
- Ош шаардык мэриясынын алдындагы агенттиктин түзүлгөнүнө бир жарым жыл болду. Биз бул аралыкта жеке ишкерлер менен тыгыз иштерди алып баруудабыз. Жеке ишкерлерди, бизнес кеңешчилер тобун, Европанын Өнүктүрүү жана Рекструкциялоо Банкынын өкүлдөрүн чакырганбыз, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул иш аракет жакшы жыйынтыгын берет деп ишенем, - деди З. Юсупов.
Ошондой эле, жеке ишкерлер “Тарых жана маданият” жылын алкагында Абдыкадыр Орозбековдун эстелигинин жана анын айланасын рекострукциялоо боюнча берилген сунушту колдоп, жеке ишкерлер аллеясы деп аталсын деген сунуштарын билдирди. Ага утурлай көйгөйлөр ортого салынып, мындай форматтагы жыйынды жылына үч жолу өткөрүп турууну жеке ишкерлер пландашты. Аны менен катар, жеке ишкерлерге бизнес кеңешчилер тобунун адистери маалымат берип, учурдун талабына жараша иштөө багыты боюнча кеңештерин айтышты.
Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги Ош шаарынын өнөр жай тармагынын өсүшүнө чоң салымын кошкон бир топ өндүрүш ишканаларга жана жеке ишкерлерге ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38