KELECHEK
rek

Конгресс Трамп менен Путиндин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн стенограммасын алууга ниеттенүүдө

Конгресс Трамп менен Путиндин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн стенограммасын алууга ниеттенүүдө

АКШнын Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин төрагасы Адам Шифф

АКШ Конгресси президент Дональд Трамптын чет өлкөлүк лидерлер, анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнүн стенограммаларын алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин төрагасы Адам Шифф NBC телеканалына билдирди.

«Биринчи кезекте АКШнын улуттук коопсуздугуна көңүл буруп, Трамп башка өлкө лидерлери, анын ичинде Владимир Путин менен сүйлөшүүдө Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирген-келтирбегенин аныктап чыгышыбыз керек деп эсептейм», — деди Шифф.

Палатанын чалгын комитети Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байденге жана анын уулу Хантер Байденге карата тергөө иштерин баштоону өтүнгөндүгү боюнча маалыматты карап жатат.

Жо Байден – 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Трамптын негизги атаандаштарынын бири болушу мүмкүндүгү айтылууда. Конгресстеги демократтар Трамптын бул өтүнүчүн башка мамлекеттин шайлоо жараянына кийлигишүүсү катары бааласа болорун билдиришүүдө. Өткөн жумада Конгресстин төмөнкү палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

27-сентябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Путин менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн стенограммасын жарыялоо Трамп үчүн «орунсуз» болорун айткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү ачыкка чыккандан кийин «Вашингтонго телефон чалып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү кооптуу болуп калганын» айтты.

Буга чейин америкалык басылмалар Ак үй президент Дональд Трамптын орус лидери Владимир Путин жана Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырууга чектөө киргизгенин кабарлашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52