KELECHEK
rek

«Үмүт 2020» «Азаттыктын» операторуна кол салууну айыптады

«Үмүт 2020» «Азаттыктын» операторуна кол салууну айыптады

 «Үмүт 2020» кыймылы 28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановду уруп, колундагы болгон техникасын карактап кеткен окуяны кескин сындады. Бул тууралуу билдирүүнү кыймыл «Фесбуктагы» баракчасында жарыялады.

«Журналисттерге кол салуу өлкөдөгү сөз эркиндигине кол салуу болуп эсептелет жана мамлекетибиздин демократиялык өнүгүшүнө коркунуч келтирет. Биз укук коргоо органдарынан кол салуучуларга карата тез арада чара көрүүнү талап кылабыз. Мамлекеттик бийлик Ошто болгон окуя боюнча өз позициясын билдириши зарыл жана журналисттерди коргоого алууга милдеттүү», - деп айтылат анда.

Ишембиде Ош шаарында Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына отуруп белгисиз жакка кетип калышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргени боюнча, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок.

Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат.

«Үмүт 2020» - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова негиздеген кыймыл. Ал буга чейин бийликтеги, анын ичинде бажыдагы коррупция боюнча билдирүүлөрдү таратып, коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге бурууга аракет кылып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53