KELECHEK
rek

Пакистан CASA-1000 келишимин өзгөртүүгө чакырууда

Пакистан CASA-1000 келишимин өзгөртүүгө чакырууда

Пакистан өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстанды электр энергиясын эки тараптуу сатууга мүмкүнчүлүк ача турган CASA-1000 келишиминдеги пункттардын бирин толуктоого чакырды. Бул тууралуу The News басылмасы Пакистандын энергетикалык мекемесинин өкүлү Васим Мухтарга шилтеме берүү менен билдирди.

Азыркы келишим боюнча Пакистан Кыргызстан менен Тажикстандан жай мезгилинде 1000 МВт электр энергиясын сатып алууга милдеттенме алган. Электр кубатынын ар бир кВт сааты 9,50 центке бааланган.

Эгер Пакистандын сунушу колдоо тапса, Исламабад кыш мезгилинде ашып калган электр энергиясын кайрадан Кыргызстан менен Тажикстанга сатат.

CASA-1000 – эл аралык долбоор, 2016-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен старт алган. Анын наркы 1 млрд. 100 млн. долларга бааланууда. Долбоорго ылайык, Түштүк Азия өлкөлөрү жогорку чыңалуудагы линиянын жардамы менен Кыргызстан жана Тажикстандан жыл сайын 5 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат. Биринчи этапта Кыргызстан менен Тажикстандын электросистемасын бириктире турган 477 чакырым узундуктагы «Датка — Хожент» жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Андан соң Тажикстандан Ооганстанга, андан ары Пакистандын Пешавар шаарына чейин 750 чакырым узундуктагы электр линиясын куруу пландалууда.

Долбоор боюнча Ооганстан 300 МВт, Пакистан 1000 МВт электр энергиясын сатып алат. Пакистандык The News басылмасы билдиргендей, Пакистанды электр кубаты менен камсыздоо боюнча милдеттенме аткарылбаса, Исламабад Тажикстан менен Кыргызстандан компенсация талап кылуу укугуна ээ.

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн Тажикстан 314 млн, Кыргызстан 209 млн, Ооганстан 354 млн, Пакистан 209 млн. доллар инвестиция тартышы керек. Тажик өкмөтү Дүйнөлүк банк, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Европа инвестициялык банкы менен 235 млн. долларга келишим түзгөнүн билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52