Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу — менин президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыты
«Калкты таза суу менен камсыз кылуу — менин президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыты», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булуң айылын суу өткөрүү системасы менен камсыздоочу суу топтоочу жайдын курулушуна капсула салуу иш-чарасында.
Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана АРИС директору Бекжан Супаналиев Мамлекет башчысына айылдын суу тармагын туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында учурдагы таза суу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат беришти.
Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында калкты таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун белгиледи. Алыскы аймактардын жашоочуларына ыңгайсыздык жана кыйынчылыкты жаратууда, алардын саламаттыгына зыян келтирилүүдө.
Мамлекет башчысы аталган маселени чечүү анын президенттик ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.
Бул максатка республикалык бюджеттен зарыл болгон каражаттар бөлүнүүдө жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары тартылууда.
Аскарбек Токтошев Ичке-Булуң айылындагы суу топтоочу жайдын курулушун 2020-жылы бүткөрүү пландалып жаткандыгын белгиледи. Бул үчүн 30 млн сом акча каражаты каралган.
Айылды суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИСтин Дүйнөлүк Банк менен биргеликте ишке ашырылып, өлкөнүн калктуу пункттарынын санитардык абалын жакшыртууга багытталган. АРИС жалпысынан 2024-жылга чейин 653 айылдын 117синде таза суу боюнча долбоорду ишке ашырууну көздөөдө.
Президент жергиликтүү тургундар менен пикир алышууда өлкө боюнча таза суу көйгөйү курч экенин белгиледи. Анын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер учурунда шайлоо алдындагы убадалардын бири калкты таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү болгонун эске салды.
Сооронбай Жээнбеков республикада ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. 2024-жылга чейин таза суу маселеси толугу менен чечилерин белгиледи.
Аны менен бирге Мамлекет башчысы жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерине кылдаттык менен мамиле кылып, сарамжалдуу колдонууга чыкырды. Бул суу системасынын кызмат өтөө мөөнөтүнө таасир этерин белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38