KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

Президент Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн  түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

«Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир  — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды куруу иштери башталганын эске салды.

«Ички миграциянын айынан Чүйдө жана Бишкекте калктын көбөйүшүнөн улам мектептер жетишпей, ушундай чечим чыккан. Эми Бирдиктүү депозиттик эсептин акча каражаттарын республиканын аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшалат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Быйыл республика боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30