Чыйбыл болуштун эстелиги Жалал-Абадда тургузулбайт
Жалал-Абад шаарына Кыргызстандын тарыхындагы көрүнүктүү инсан, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү үчүн күрөшкөн Чыйбыл болуштун эстелиги тургузулбай турган болду. Депутаттардын шаардык кеңешинин болуп өткөн кезектеги сессиясында бул тууралуу маселе каралып, шаарда эстелик тургузуу тууралуу шаардык кеңештин жаз айларындагы токтому жокко чыгарылды.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, мурда шаардык кеңеш “Чыйбыл болуш” коомдук фондусунун төрагасы Бекболот Ибрагимовдун жана коомчулук өкүлдөрүнүн Чыйбыл болуштун эстелигин шаардагы “Спутник” кичи районундагы айланпага орнотуп куруу тууралуу атайын демилгесин колдоп, токтом кабыл алган болчу. Демилгечилер өздөрү топтогон каражаттарга эстеликти куруп бермек болушкан. Ошого байланыштуу шаар мэриясы аталган айланпаны көрктөндүрүү ишин убактылуу токтотуп турган.
Бирок, кийинчерээк бул идеянын демилгечилеринде Чыйбыл болуштун эстелигин курууга “Спутник” кичи районунун айланпасы архитектуралык жактан ыңгайсыз экендиги тууралуу пикир жаралып, бул тууралуу шаар бийликтерине атайын кат жолдошкон. Ошонун негизинде шаардык кеңеш мурдагы токтомун жокко чыгарды.
Ал эми “Спутник” кичи районунун айланпасын шаардык аткаруу бийлиги мурда түзүлгөн жана шаардыктар тарабынан коомдук угууда жактырылган вариант боюнча реконструкциялап чыга турган болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18