KELECHEK
rek

Оштогу атышууда белгилүү спортчу октон жабыркады

Оштогу атышууда белгилүү спортчу октон жабыркады

22-сентябрь күнү кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону кабарланууда.

«Азаттыктын» өздүк булактарынын билдиргенине караганда, атышта Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин «Азаттыкка» ырастаганы боюнча, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

Аны өзү менен кошо машыгып жүргөн Кылыч Саркарбаев атканы айтылууда. Саркарбаев - эрежесиз мушташтын чебери, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Кылыч Саркарбаев учурда Ош шаардык спорт комитетин башкарып жаткан. Учурда ал окуя болгон жерден качып кеткени айтылууда. Өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Милиция расмий маалымат тарата элек.

Баштапкы кабарларга караганда, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренесинин негизинде катталды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Оштогу EREM спорт клубу Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимовго таандык экени айтылып жүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...