KELECHEK
rek

Казакстанда полигондогу жарылуудан 10 сапёр жабыркады

Казакстанда полигондогу жарылуудан 10 сапёр жабыркады

 

Ишемби күнү Казакстандын Арыс шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан полигондо ок-дары бөлүктөрү жарылып, 10 сапёр жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык «пландуу жардыруу иштеринин жүрүшүндө» болгон. Учурда жарылуунун себептери териштирилүүдө.

Быйыл 24-июнда Түркстан облусундагы Арыс шаарында ок-дары сакталган кампа жарылып, төрт киши мерт болгон. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Бийлик жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган. Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан. Августтун аягында Арыстагы аскердик бөлүктүн командири менен анын орун басары кармалган. Алар «жарылуучу заттарды колдонуу эрежелерин бузуу» жана «оор кесепеттерге алып келген шалакылык» беренелери боюнча шектелүүдө.

13-сентябрда өлкөнүн Коргоо министрлиги Арыстагы аскердик кампаны тазалоо учурунда ок-дары бөлүктөрү жарылып, төрт жоокер жаракат алганын кабарлаган.

Акыркы 10 жылда Арыстагы аскер кампаларында төрт жолу жарылуу болуп, бир нече киши көз жумган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...