Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.
Мамлекет башчысы бүт кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата-мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын белгиледи.
Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин өзгөчө белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында белек кылганын кошумчалады.
Айсулуу Тыныбекова Мамлекет башчысына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезип жатканын белгиледи.
Ал жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын баса белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20