Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Кыргызстан жана Россиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.
Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча товар айлантуунун өсүүсү 17 пайызды түзүп, 2019-жылы дагы өсүп жатат.
Ал Россиянын жана Кыргызстандын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.
Владимир Путин «Борбор-2019» биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык машыгуулар кандай болбосун күтүүсүз кырдаалдарга туруштук берүү учурунда, анын ичинде терроризм менен күрөшүүдө дагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын абдан маанилүү баскычы болуп саналарын белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.
Ал өткөн машыгуулар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн сыймыктанса болорун айгинелеп турганын белгиледи. Эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен баса белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Россиянын ишенимдүү союздашы жана өнөктөшү экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Россия Федерациясы менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт караты атады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









